“АКШнын элчилиги Ош областынын Алай районундагы жер титирөө жөнүндө кабарды кайгыруу менен кабыл алды. Бул трагедиянын курмандыктары жана алардын туугандары менен жүрөгүбүз да, үмүт-тилектерибиз да бирге”,- деп айтылат АКШнын элчилигинин билдирүүсүндө. Кыргызстандын өкмөтү кырсыктан жапа чеккендерге биринчи кезекте зарыл болгон гуманитардык жардамдын өлчөмүн аныктар замат АКШнын элчилиги жардам көрсөтүүгө киришмекчи.