Анда “эгерде президент чынында эле коррупция менен катуу күрөшөйүн десе анда биз өзгөчө бир чараларды көрүшүн ага сунуштадык. Биринчи – мамлекеттик башкаруу органдарда коррупцияга каршы күрөшүү жогорку идея катары таанылсын. Андан тышкары Башкы прокуратура, Коопсуздук кызматы, финансы полициясы, Ички иштер министирлигинин жетекчилик кызматына оппозициянын өкүлдөрүн дайындоону сунуштадык. Себеби көп мамлекеттерде ошондой саясатты колдонот. Ошол өлкөлөрдө жалпы коррупциянын деңгээли азыр төмөндөп баратат”,-деди Бакыт Бешимов. (AJ)