30-сентябрда түштөн кийин Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы Балыкчы-Каракол жолунун Ырдык айылына чукул Бээжин олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев катуу ылдамдыктагы автоунаасын башкара албай кырсыкка кабылган. Президент тартуу кылган бул автоунаанын ичинде Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктуруучулар Эмил Алыкулов менен Мейрамбек Ахметов да болгон. Бактыга жараша алардын баары аман калышты. Бир гана Руслан Түмөнбаев башынан жаракат алып, учурда Бишкектеги 4-ооруканада дарыланууда.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байгелерин уткан балбандар Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жеңишинин урматына Ала-Тоонун 7 облусунун спорт коомчулугу менен жолугушуу акциясы өткөрүлүп жатат. Мындай жолугушуу Токмок шаарында башталып, 29-сентябрда Нарын шаарында болгон.
Эртеси 30-сентябрда олимпиада каармандары, машыктыруучулары менен Каракол шаарына багыт алышкан. Тилекке каршы түштөн кийин жамгыр жаап, жол дагы тайгак болгондуктан тескей тараптагы Ырдык айылына чукул жолдо Бээжин олимпиадасынын коло медаль ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев катуу ылдамдыктагы автоунаасын башкара албай кырсыкка кабылган.
Алардын артында куйрук улай келаткан өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов бул кырсык тууралуу мындай деди:
-Руслан Түмөнбаевге президент Курманбек Бакиев тартуу кылган ЖИП үлгүсүндөгү “Мицубисси” автоунаасынын ичинде Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиев, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктуруучулар Эмил Алыкулов менен Мейрамбек Ахметов бар болгон. Бактыга жараша баары аман калышты. Бир гана Руслан Түмөнбаев башынан жаракат алып, учурда Бишкектеги 4-ооруканада дарыланууда.
Бээжин олимпиадасынын коло медаль ээси Руслан Түмөнбаевдин ден соолугун, ал абалын билүү үчүн Бишкектеги травмотология жана ортопедия улуттук илим- изилдөө борборуна барсак, дарыгерлер анын тынчын албоону суранып, абалы дурус дешти. Мындай пикирди Руслан Түмөнбаевдин бир тууганы иниси Алмаз Түмөнбаев дагы ырастап, агасын кийинки жумада ооруканадан чыгып калаарын айтты.
Бээжин олимпиадасында коло медаль уткан Азия чемпиону Руслан Түмөнбаевдин Лондон олимпиадасына дагы катышып, чоң жеңишке жетем деген үмүтү бар экенин “Азаттыкка” берген мурдагы интервьюсунда айтып, ага чейин да эл аралык деңгээлдеги толгон-токой мелдештерде утушка жетүү милдети турат деген эле:
- Бээжин олимпиадасынын таймаштары кыйын өттү. Олимпиада чоң деңгээлде болду. Мен олимпиаданын коло медалы менен чектелбеймин. Алдыда Азия, дүйнө чемпионаттары, 2010- жылы Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндары турат. Буюрса Лондон олимпиадасында өлкө намысын коргоп, мөрөй алсам деген аруу тилек бар.
Спорт күйөрмандары үчүн эскертип айтып койчу маалымат: Өлкө башчысы кыргызстандык спортчуларды Бээжинге узатып жатып алтын медаль ээсине 150 миң, күмүшкө 100 миң, коло медалга болсо 75 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык берилээри тууралуу маалымдаган. Ал убадасын аткарып Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаеге жана алардын үч устатына “Даңк” медалы, акчалай сыйлыктарды ыйгарылган. Мындан тышкары Бээжин олимпиадасынын каармандары Канат менен Русланга “Мицубисси” үлгүсүндөгү Жип автоунаасын да тартуулаган.
Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, олимпиада каармандары менен спорт күйөрмандарын жакындан тааныштуруу акциясы улантылат:
- Бээжин Олимпиадалык оюндарына кыргызстандык 20 спортчу катышканы менен грек-рим күрөшү боюнча эки балбан: Руслан Түмөнбаев менен Канатбек Бегалиев байгелүү орундарды камсыз кылышканын спорт күйөрмандары жакшы билишет. Ошондой болсо дагы Ош, Жалал-Абат жана Баткен облустарынын спорт коомчулугу менен аларды жакындан тааныштыруу жолугушуусуна эми Канатты коштоп баратабыз. Руслан болсо жакында сакайып чыгып, машыгууларын уланат.
Бүгүн 3-октябрда Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевди коштогон спорт жетекчилери, машыктыруучулар Түштүк аймагына жөнөп кетишти. Мындай жолугушуулар Жалалабат, Ош, Баткен шаарларында да болмокчу.