Бул тууралуу билдирген “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусуна байланыштуу бир катар оппозициячыл саясатчыларды Баш прокуратура суракка чакырган. 26-сентябрда Клара Кабилованын видео кайрылуусун оппозиция “АКИ-пресс” маалымат агенттигинде коомчулукка жарыя кылган. Кайрылууда Кабилова президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны коркутуп-үркүтүп, өмүрүнө коркунуч туулганын айтып, өзүнүн керт башына келген бул окуядан соң өлкө президенти мамлекеттеги ар бир атуулдардын коопсуздугун сактай алаарына күмөн болгонун билдирген.(AJ)