ОРУСИЯНЫН ЫЙЫКТАРЫ МЕНЕН БААТЫРЛАРЫНЫН КАТАРЫНДА СТАЛИНДИН ДА АТЫ КАЛАБЫ?

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Келе жаткан жекшембиден тартып орусиялык мамлекеттик сыналгыдан «Ысмы Орусияны билдирет» аталышта шоу көрсөтүлмөкчү. Буга окшогон көрсөтүүлөр ондогон өлкөлөрдө дайыма болуп турат. Улуу Британия, Германия, Америка Кошмо Штаттары, Франция жана башка мамлекеттерде эл кызыгып көрүүчү зоок-шоу болуп эсептелет. Орусияда быйылтан баштап өлкөнүн атын билдирген улуу инсандарды аныктоо боюнча сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Долбоордун чыгымын көтөрүп, аны ишке ашыруу «Россия» сыналгысы тараптан болуп атат. Чу деген жерден сурамжылоого 500 ысым коюлган. Кийин алардын арасынан 12 ысым алдыга озуп чыгышып, жай ортосунда биринчи орунга Сталиндин аты чыккан. Кремлдик кожоюндарга жага бербегенде, жарышты уюштургандар хакерлер жолтоо болду деген шылтоо менен, август айында мурунку жыйынтыкты эсепке албай, дагы бир жарыш баштаган.
«Россия» сыналгысынын жетекчилеринин бири Александр Любимовдун маалымдоосунда сурамжылоонун жыйынтыгында баарынан алдыга 2.011.766 добуш менен Александр Невский чыккан. Калган он бир ысымдын ар бири бир миллиондон кем эмес добуш чогултуп артта келатышат. Алар: Александр Пушкин, Фёдор Достоевский, Пётр Биринчи, Владимир Ленин, Александр Суворов, Екатерина Экинчи, Иван Грозный, Пётр Столыпин, Александр Экинчи, Дмитрий Менделеев жана Иосиф Сталин.

Булардын ичинде Сталиндин такай келатышы өлкөнүн дагы эле советтик кезден кол үзбөй келатканын билдирет дешет талдоочулар. Сталин доорунун актала башташы кийинки сегиз жыл ичи - Путин президент болуп турган жылдары башталды дешет.

Independent жазганга караганда “2006-жылы Сталиндин аброюн оң кабылдаймын деген орусиялыктар эсеби 47 пайызга жеткен. Терс кабылдаймын дегендер 29 пайызды түзгөн». Советтик өткөн кез боюнча жылуу пикир жаратууда чоң ролду Путин ойноду деп жазылган ал жерде.

Андан ары Independent Орусия менен Германия тарых барактарындагы «кара тактарга» ар башка мамиле жасай тургандыгын белгилейт. Маселен, Германияда ысмы бүтүндөй немис атын таанытчу ким деген суроого жооп издеп атканда, аны жүргүзгөн ZDE сыналгысы тизмеге Адольф Гитлерди кошкон эмес. Ал эми «Россия» сыналгысы болсо Ленин, Сталинди бирдей тизмеге кошкон деп жазат.

Башка талдоочулар да Путин бийликке келген жылдары коммунисттик идеология элементери улуттук мүдөөгө айланып кеткенин белгилешет. Анализчи Виктор Ясмандын баамында, бул жылдары «жол башчы» улам мактала берип, эми Сталиндин зулумдугу акталып, ал тургай, калктын көз алдына улуу инсан болуп чыга келди. Анын бир мисалы катары быйылкы жылдан тартып мектептерде окутула турган тарых сабагынын мазмунун айтса болот (А.Филипповдун окуу китебин – ММ). Ал жерде Сталиндин ишкердиги «натыйжалуу башкаруучулук», ал эми анын жүргүзгөн террорчулугу «өлкөнү өнүктүрүүдөгү ыңгайлуу апсап» болуп бааланган.

Азыркы кездин мындан да кыйын учурга дуушар болушун каалабагандыктан калк бийликтин бышык болушун каалап ушуга барып атат дейт жаш философ Оксана Тимофеева:

«Кишилер өзгөрүүгө учураштан коркушат. Эртең бийликке Ле Пен келет экен, а бүрсүгүнү Жириновский келет экен, анда мындан да жаман болот деп коркушат».

Сурамжылоонун нак жыйынтыгы декабрь айында чыгарылат. Аны Орусиялык тарых институтунун профессору Владимир Лавров чыгармакчы.
Кызык жери, анын айтымында, «Лаврентий Берия менен Феликс Дзержинский өлкөнүн (Орусиянын – ММ) атын тааныта алышмак эмес».