ТУРАК-ЖАЙ КРИЗИСИ - БАНКТАР МЕНЕН КАРДАРЛАР ЧАЙКООЧУЛУГУНУН ТУЮНДУСУ

Дүйнөнүн каржы базарларын чакчалакей түшүрүп жаткан азыркы экономикалык кризис Кошмо Штаттарда катардагы адамдар киреше табуу үмүтүндө турак –жай сатып алып же сатуусунан башталды. Бирок мындай сооданын натыйжасында киреше таппастан, тескерисинче сызга отуруп калган учурлар миллиондоп саналганы менен бул көрүнүштүн жеке өзү азыркы, кеңири масштабдагы кризисти толук түшүндүрүп бере албайт. Бул үчүн банкттардын иш аракетине да саресеп салып көрүү керек.
Ипотекалык кредиттерге элдин жапырт кызыгуусу, ал берилгендеги үстөк-пайыздар арзандап, соңку 30-40 жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшүүсүнөн башталды. Мындан эки натыйжа болду. Карыз алууга белсенген адамдардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда банктар кардарларга карыз берүү үчүн өзүндө жок акчаны табуунун жолдорун издөөгө өттү.

Ипотекага суроо –талап өскөн сайын банктар ортосунда биринин –экинчисине карыз берүү практикасы кеңири жайылды. Албетте банкирлер
карызды көбөйтө берүүнүн тобокелчилиги бар экенин күн мурунтан эле билишкен. Бирок кирешесин көбөйтүүнүн кызыгына азгырылып кеткен банктар, үй сатып алуучуларга карыз берүүдөн аянган жок. Акыры келип, үстөк пайыздар өскөндө үй сатып алуучулар банктан алган акчасын бере албай калгандай эле, банктар бири-экинчисинен алган карыздарын кайтара албай калды.

Маселен банкротко кабылганын өткөн айдын орто ченинде жарыялаган, 158 жылдык тарыхы Lehman Brothers банкы карызды өз капиталынан отуз эсе эсе ашыкча алган экен. Турак жай базарындагы жасалма көбүк жарылып, үйлөрдүн наркы кургуйга кулаган кезде, ал карыздарын кайтара албай калып олтурат.

Банктардын чоң тобокелчиликке баруусунун дагы бир жүйөөсү – аларда жаман айтпай жакшы жок делген жагдайлар үчүн коопсуздук кепилдиктеринин бар экендигинде эле. Үй сатып алуучуларга насыя берүү менен бирге, банкрот абалына кептелгенде өкмөттүн көзөмөлүнө өткөн American International Group өңдүү камсыздандыруу компанияларынын кепилдигин да алышты. Кокус насыяга үй алган адам дефолтко кабылса, банктын акчасын ошол камсыздандыруу компаниясы кайтарып бермек.

Кадимки жагдайларда, албетте, бул система иштей берет. Бирок камсыздандыруу компанияларынын кепилдигине өтө эле ишенип алган банктар тапкан–ташыганы күнүмдүк ыгым –чыгымына өп-чап жеткен адамдарга да насыя берүүгө өткөн.

Бир жагынан шалаакалыкка, экинчи жагынан чыныгы жагдайга көз жумду мамиле кылууга банктарды кирешенин азгырыгынан башка да эмне түртүшү мүмкүн?

Айтор кайтарылбоо тобокелчилиги жогору насыяларды таратуу да банкттарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулап келгендей. Алдыда айтылгандай, эгер үй сатып алуучу насыясын төлөй албай калса, банк аны камсыздандыруу компаниясынан алмак. Ошондой насыяны жана үстөк пайызды чогултуу укугун башка компанияга сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Эгер банк, адеп башынан эле насыяны сатуу жолун тандаган болсо, анда насыя алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө анчалык кызыга бербери турган иш.

Банктардын тобокелчиликке бел байлоосунун башка жүйөөлөрү да жок эмес.

Каржы чөйрөсү боюнча аналитик Роберт Самуэльсондун (Robert Samuelson) "The Wall Street Journal" гезитинде өткөн айда жазганына караганда, банк индустриясындагы кийинки бир катар фундаменталдык өзгөрүүлөр азыркы кризиске кошумча болду.

Кошмо штаттарда коммерциялык банктардын инвестициялык иш менен алектенүүсүнө тыюу салган мыйзам 1999-жылы жоюлган болчу. Гласс-Стигел актысы деп аталган ал документ 1933-жылы Улуу депрессиядан кийин кабыл алынган эле.

Мындан сырткары аналитик Самуэльсондун айтымында, банктарда агрессивдүү инвестиция жасоо маданияты каржы институттарында башкаруучуларды сыйлоо боюнча кеңири жайылган тажрыйбадан улам өсүп чыкты. Мындай жагдай менеджерлердин тобокелчиликке баруусуна шыкак болууда. Инвестициясы ийгилик тапкан учурда алар айлыгынан 10-20 эсе көп сыйлык алышчы.

Эмнеси болсо да азыркы кризис бир күнү аяктаганда, биз АКШнын каржы сектору Конгресс жана кийинки президент тарабынан катаал иликтөөгө алынарын күтсөк болот. Өз кезегинде Конгресс менен президент Уолл Стритти ооздуктоо үчүн коомдук кысымга кабылмакчы.

Ал эми жоопкерчиликсиз банкттар менен үй сатып алуучулардын тагдыры бирдей эле болчудай.

Үй сатып алуучулар карызын төгө албаган шартта, банктар башка банктардан алган акчасын кайтара албайт. Дефолтко кабылгандар көбөйгөн кезде камсыздандыруу компаниялары алган милдеттемелеринин баарын аткара албайт. Банктар үчүн мындай учурдагы бир мүмкүнчүлүк - алар азыр жасап жаткандай, банкрот болгонун моюнга алуу же өкмөттүн куткаруусуна үмүттөнүү.