14:10 “KG жаштары” клубу шайлоо жана жаштар тууралуу жыйын өткөрдү

Бүгүн аталган уюм 5-октябрда өтчү жергиликтүү жана шаардык кеңешке шайлоо жана андагы жаштардын катышуусун талкуулады. Бул ирээт өзгөчө Бишкек шаардык кеңешке депутататтарды шайлоого жаштар жоон топ менен баратканы айтылды. Натыйжалуу жана демократиялуу шайлоо система түзүлмөйүнчү цивилизациялуу мамлекеттик түзүлүш жана атуулдук коом болбой тургандыгы баса белгиленди. Жаңыдан түзүлгөн “KG жаштары” клубуна тогуз партиянын, төрт жаштар бирикме жана эки кыймылдын мүчөлөрү кирген. Клубдун өкүлү Мирзат Ажиевдин “Азаттыкка” билдиришинче бул уюм мамлекетте болуп жаткан иш-жараяндарга жаштардын жигердүү аралашуусу үчүн биргелешип баарлашып, пикир алышуу, талкуу аянтчасы болуп бермекчи. (EBM)