12:22 Ички иштер министрлиги шайлоо жана саммит маалында тартип коргоого көзөмөлдү күчөтөт

Министрликтин жетекчилиги 5-октябрда болчу жергиликтүү кеңештерге шайлоо, андан кийин 10-октябрда өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын саммити маалында Бишкек шаардык гарнизонунун жана Чүй облусунун тартип коргоо органдары иштей турган эрежелер боюнча көрсөтмөлөр бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы жыйында айтылат. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча анда коомдук тартипти сактоо үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, көзөмөлдү күчөтүү милдети алдыга коюлат. (BD)