ЛУКАШЕНКО ҮЧҮН БАТЫШТЫН КААЛГАСЫ АЧЫЛАБЫ?

Өткөн аптада Беларус президенти Александр Лукашенко эгерде Батыш өлкөлөрүнүн байкоочулары 28-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоону акыйкат жана демократиялык талаптарга ылайык өттү деп тааныбаса, Батыш менен “бардык сүйлөшүүлөрдү” токтоторун билдирген. Буга чейин Батыш эки жолу - 2000-жылы жана 2004-жылы Беларустагы шайлоолорду демократиялык талаптарга жооп бербейт деп тапкан.
Буга чейин эле “өзгөчө” сөздөрү менен таанылып калган Беларус президенти бул жолу дагы калыбынан жазган жок:

- Эгерде бул жолу дагы биздин шайлоолорду Батышта кимдир бирөө тырмакчага алганда демократиялык эмес деп тапса, биз алар менен бардык талкууларды токтотобуз. Мен жакында эле батыштын басма сөз каражаттарына маек куруп бергенде, Беларуста шайлоону Конституцияга ылайык гана өткөрбөстөн, өзүбүздүн бир катар мыйзамдарыбызды бузуп, ЕККУ жана Батыш байкоочулары кабыл алган жол менен өткөрүп жатканыбызды айткам.

2006-жылы президенттик шайлоодо Лукашенко Батыш байкоочуларынын жана саясатчылардын үмүттөрүн акташ үчүн оппозициялык партиядан чыккан эки талапкердин пайдасына шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого барганын айткан. Беларус президенти “Батыш менин мындай аракеттеримди баалаган жок” деп ачууланган.

Оппозиция 2000 жана 2003-жылы өткөн шайлоолорго бойкот жарыялап, мындай аракеттерин парламенттеги Өкүлдөр палатасы саясий системада эч кандай укуктарга ээ эмес деп түшүндүргөн. Бирок жекшемби күнү өтө турган шайлоо мурдагы экөөнөн бир аз айырмаланат.

Борбордук Шайлоо Комиссиясы 269 талапкерди, анын ичинде, оппозициянын 71 мүчөсүн каттаган.

Талапкерлерди каттоо учурунда болбогон бир себептерден улам оппозициянын 30 пайызына шайлоого катышууга тыюу салынган деп билдиришет оппозициялык маанайдагы саясатчылар.

Үстүбүздөгү жылдын август жана сентябрь айларында бир нече оппозициялык партиялардын башын кошкон Бириккен Демократиялык күчтөр кыймылы шайлоого бойкот жарыялоону чечкен. Бирок сентябрдын ортосунда мындай чечиминен баш тарткан. Көпчүлүк батыш саясатчылары жана дипломаттар Беларус оппозициясы шайлоого катышса дурус болмок деп ишара кылган.

Айрым беларус серепчилердин баамында, Грузия менен согуштук жаңжалдан кийин Беларус Орусияны сынга алгандан кийин Батыш 28-сентябрда өтө турган шайлоону бир аз болсо дагы демократиялык талаптарга жооп берди деп табышы ыктымал. Мындай пикир ээлеринин оюнча, Грузиянын жикчил эки аймагы болгон Абхазия менен Түндүк Осетиянын эгемендигин таануудан баш тартканы үчүн Батыш Беларус президенти Александр Лукашенко менен мамилелерди калыбына келтирүү аракетин көрмөкчү.

Кээ бир байкоочулардын баамында, Лукашенко менен Батыш жашыруун келишим түзүп, анын натыйжасында айрым оппозиционерлерге Өкүлдөр палатасында орун берилмекчи. Бирок Бириккен жарандык партиянын лидери Анатол Лябедзка мындай план ишке ашпайт деп эсептейт.

Оппозиция 28-сентябрда шайлоо бекеттери жабылган соң Минскте нааразылык акциясын өткөрүүнү пландаштырууда.

Бул жолку шайлоого ЕККУнун байкоочуларынын көзөмөл салышына уруксат берилиши – Александр Лукашенкого Батыштын каалгасын гана какпастан, ага кирүүгө дагы жол берет дешет серепчилер.