Никола Саркози Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөлүк каржы системасында баш-аламандыкты жою үчүн “башкарыла турган капитализмди” курууга чакырды. Ал ошондой эле чоң сегиздикти Бразилия, Кытай, Индия, Мексика жана Түштүк Африка менен кеңейтүүгө чакырды.