Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Курманбек Бакиев Германиядагы клиникада мурда дарыгерлер менен макулдашылгандай дарылануунун акыркы курсун алууда. Президентке өлкөдөгү иштер боюнча телефон аркылуу маалымат берилүүдө. 23-сентябрда президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов губернатор, мэрлердин Алай районундагы Нура айылына барышы тууралуу президентке телефон аркылуу маалымат берди.(AiT)