ОРУСИЯЛЫК МЕКЕНДЕШТЕРДИН КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ

Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы орусиялык мекендештердин биринчи курултайы өттү. Анда негизинен өлкөдөгү орустардын уюмдарынын башын бириктирип, мындан ары биргелешип аракеттенүү, орусиялык мекендештер уюмдарынын кеңешин түзүү маселеси козголду. Ошондой эле Кыргызстандагы орустардын маселелери тууралуу да сөз болуп, айрым делегаттар тарабынан Кыргызстан азыр ким менен болушун аныктап, Батыш же Орусияны тандашы керек деген маанайдагы сөздөр да айтылып кетти.
Курултайда негизинен өлкөдөгү орусиялык мекендештер уюмдарынын башын бириктирүү маселеси козголуп, ага өлкө аймагынан 200дөн ашуун делегат катышты. “Кыргызстандагы орусиялык мекендештердин милдети – өлкөнүн өнүгүшү үчүн биригүү”, - деп айтты жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы орус элчисинин кеңешчиси Владимир Посохин. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Орусия ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда бир миллиард долларга өскөнүн, эки өлкө кызматташтыгы жакшы нукта өнүгүп баратканын белгиледи.

Элчинин кеңешчиси эмгек миграциясы да эки өлкө ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоого жакшы кызмат кылып жатканына, Орусиядагы кыргыз мигранттары жыл сайын мекенинебир миллиардга жакын доллар жөнөтүп жатканына токтолду. Анын маалыматына караганда, азыр Орусияда бир миллионго жакын кыргызстандык эмгек мигранттары бар.

Кыргызстандагы орусиялык мекендештердин координациялык кенешинин төрагасы, Славян фондунун жетекчиси Владимир Вишневский бүгүнкү курултайдын максаты тууралуу буларга токтолду:

- Биз Кыргызстандагы орустар мындан ары биргелешип аракеттенип, биргелешип иш жүргүзүүнү, Кыргызстандын көп улуттуу эли татыктуу жашоосун каалайбыз. Ошондой эле бийлик структуралары менен бирге, орус-кыргыз алакаларынын алкагында өз проблемаларыбызды чечсек дейбиз. Бул кызматташтык соңку убакта натыйжалуу иштеп жатканы биз үчүн жагымдуу.

Курултайда чыгып сүйлогон айрым делегаттар болсо Кыргызстандагы орустардын маселелери тууралуу да сөз кылышты. Маселен Чүйдөн келген делегат Ершов орус тилдуу мектептерге жакшы көңүл бурулбай калганын айтат:

- Азыр орус тилдүү мектептерге да кадрларды толуктоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо багытында көбүрөөк көңүл буруш керек. Өлкөнун көпчүлүк айылдарындагы мектептер да азыр компьютерлештирилген. Бирок эгемендик жылдарынан бери Чүй облусундагы орус тилдүү мектептерге бир да компьютер бөлүнгөн жок.

Айрым делегаттар Түштүк Осетиядагы окуяларга токтолуп, Кыргызстан азыр ким менен болушун аныктап Батыш же Орусияны тандашы керек деген маанайдагы ойлорун да айтып жиберишти.

Бирок курултайда мындай ойлордун айтылышын кыргызстандык айрым талдоочулар туура көрбөйт. Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев орустардын минтип курултайга чогулуп, өз маселелерин козгоп жатышын мыйзам ченемдүү, кадырэсе көрүнүш катары баалаганы менен айрым делегаттар тарабынан жогорудагыдай маанайдагы сөздөр айтылышын туура көрбөйт:

- Эмне үчүн биз Орусия менен болушубуз керек, география же тарых үчүн элеби? Эгерде алар демократиялуу өлкөлөр менен бирге болуш керек десе абдан туура болмок да биз үчүн. Эгерде Орусия илгерки адатынча империалисттик, милитарристтик, авторитардык болуп атса, анан биздин орус улутундагы жердештерибиз ошондой мамлекет менен бирге бололу деп атса, бул бизди кайра кулчулукка, туура эмес түзүлүшкө түрткөндүк менен барабар да. Бул этноцентризмдин негизинде жүргүзгөн саясат болуп калат.

Маалыматтарга караганда, азыр Кыргызстандагы орустардын саны 400-500 миңдин тегерегинде.