Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин күч жана транспорт министрликтеринин жетекчилери, шаар бийлигинин өкүлдөрү менен болгон кечээки кеңешмеде айтылды. Мындан тышкары кеңешемеде ЕвроАзия Экономикалык шериктештигине жана КМШга кирген мамлекеттерден келген топтун коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланды. Маалыматтарга караганда, учурда тартип коргоо жана күч органдары кайсы бир жерде чагымчыл, экстремисттик жана террорчулук аракеттерди болтурбоо үчүн бири бири менен иштешүү боюнча окуулардан өтүшүүдө.(MSu)