Ирандын түштүгүндө күчү 5.2 баллга жеткен жер титирөө болду

Зилзаланын очогу Бендер-Аббас шаарына жакын жерде болгону кабарланууда. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалыматтар түшө элек. Өткөн аптада ушул эле аймакта күчү 6 баллга жеткен зилзала болуп, жети киши набыт кетип, ондогон кишилер жаракат алган.