Министр Сапарбек Балкыбеков сапардын максаты тууралуу “Азаттыкка” толук маалымат берүүнү эрте деп эсептеди. Болжолдуу маалыматтарда Ашхабадда кыргыз-түркмөн тарап энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулашары айтылууда. Айрым маалымат каражаттары Ашхабад жолугушуусу тууралуу президент Курманбек Бакиев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов ушул жумада телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашкандыгы тууралуу жазышты. (BuS)