Жалал-Абад шаардык Кеңешине катталган 154 талапкердин 70и гана талапкерлик күбөлүктөрүн алышты. Түрдүү себептер менен келбегендигине байланыштуу калгандарына күбөлүк тапшырылган жок. Талапкерлердин арасында «Ата Мекен» партиясынын - 2, “Эркиндик” партиясынын - 3, компартиянын 6 мүчөсү бар. Шайлоо пахта завод аймагында курч өтчүдөй, аймакта 3 депутаттык орунду 28 адам талашууда. Саясий партиялар шайлоо өнөктүгү облустун бардык район-шаарларында мурда белгиленген мөөнөтүнөн кечигүү менен коштолуп жаткандыгын белгилешүүдө. Күбөлүктөр толук тапшырылбай, талапкерлердин эсептери жетиштүү түрдө ачылган эмес, кандидаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун бир да шайлоо комиссиясы уюштура алган жок. (YA)