АКШдагы эң ири шаарлардын бири Хьюстон шаарынын бийлиги бир аптага коменданттык саат киргизгени кабарланууда. Техастын бир катар аймактарында бороондун айынан дүкөндөр, май куюучу станциялар жабылып, электр жарыгы жана суу өчүрүлдү. “Айк” бороону алып келген чыгым 18 миллиард долларга бааланууда.