АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

10- сентябрда Кыргыз Республикасынын өкмөт үйүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Нур уулу Досбол республиканын ар түрдүү тармактарынын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын айрымдарына токтоло кетсек Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театырынын режиссер-коючусу- Офелия Еркимбаева, Республиканын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам менен, Кыргыз эстрадасынын солисти Гүлнур Сатылганова Улуттук музыка өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наам менен, Мамлекеттик кызмат системасындагы көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Улуттук статистика комитетинин директору Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам менен, Республиканын маданият жана көркөм өнөр жагындагы сиңирген эмгеги үчүн “Бек” эстрадалык ансамблинин жетекчиси- Берадор Борбиев “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам менен сыйланышты.

Дүйшөмбү күнү Караколдо 3-республикалык театр фестивалы ачылды. Ага өлкөдөгү баардык театрлар катышып, спектаклдерди тартуулашты. Бул иш-чара эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналып уюштурулуп, фестивалдын жүрүшүндө жазуучунун чыгармалары боюнча коюлган спектаклдер да көрсөтүлдү.

Бул жумада Анапа шаарында “Киношок” фестивалы өтүп, анда Актан Арым Кубат тарткан “Сүйүүнүн өз асманы бар” фильми сунушталды. Бул фильм Сооронбай Жусуев жазган “Канат менен Зарина” чыгармасынын негизинде тартылган. Сүйүүнү даңазалаган бул фильм ошондой эле Астанадагы “Евразия” кинофестивалында да көрсөтүлдү.

“Тунгуч” театры драматург Кайрат Иманалиевдин улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу жазган “Манасчы” спектаклинин премьерасын өткөрдү. Анда улуу манасчынын сейрек таланты тууралуу жазылган. Оюнда манасчынын ролун эл артисти Замир Сооронбаев ойногон.

Сочиде бул жумада балдар циркинин эл аралык фестивалы ачылды. Жаш цирк артистеринин өнөрүн сыноо максатын аркалаган бул иш-чараны Орусиянын маданият министрлиги уюштурду.

Британдардын “Букер” адабий сыйлыгына Индиядан Аравинд Адига, австралиялык жазуучу Стьив Тольтс алгачкы романдары менен ат салышууда.

Англиялык белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири Демиен Херст 200 дөн ашык чыгармасын аукционго коюууда. Херст өзүнүн чыгармаларын орду музейде эмес, сүрөт күйөрмандарынын үйлөрүндө болуш керек деп эсептейт.

Орусиянын эл артисти Игорь Костолевскийди 60 жаш мааракеси менен өлкө башчысы Дмитрий Медведев куттуктады. Ал куттуктоо сөзүндө Игорь Костолевскийдин жогорку денгээлдеги ишмердүүлүгүн баса белгилеп, мекендик көркөм өнөргө кошкон салымын айткан.

Орусияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун 180 жылдыгын белгилешүүдө. Мааракеге арналган негизги иш-чаралар жазуучунун туулуп өскөн жеринде уюштурулууда.