Мындай билдирүүнү Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар агенттиги (ЮНИСЕФ) соңку сурамжылоосуна таянып жасады. Ага ылайык, өткөн жылда дүйнө жүзү боюнча 5 жашка чейинки 9 млн.дон ашуун бала чарчап калган. 1990-жылы бул көрсөткүч 12 млн.дон ашуун болгон. Бул жетишкендик безгек жана башка илдеттерге каршы эмдөө иштеринин күч алышына байланыштырылууда.