14:10 А.Жекшенкулов: Көз карандысыз ММКлар бийликтин кысымына кабылды

Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын айтымында, учурда бийлик тараптан көз карандысыз ММКларга ачык чабуул жасалып жатат. Ал мисал катары “Ачык саясат”, “Де факто” гезиттеринин айланасындагы кырдаалды келтирди. Өлкөдө сөз эркиндигин абалы Коомдук парламенттин 15-сентябрда өтө турган кезектеги жыйыныныда негизги маселелердин бири катары каралмакчы. Отурумдун катышуучулары көз карандысыз маалымат каражаттарына көрсөтүлүп жаткан кысымды токтотуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүү маселесин да талкуулашаарын А.Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди.(MSu)