Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстанга болгон иш сапарында Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов Грузиянын Түштүк Осетияга жасаган аракетин баскынчылык, тукум курутуу саясаты катары баалады. Ал ошондой эле Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана социалдык кызматташтыкты мындан ары натыйжалуу өнүктүрүүгө кеңири мүмүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи. Кыргызстандык айрым саясатчылардын пикиринде, Кавказдагы окуялардан кийин Орусия саясий айдыңда Батыш өлкөлөрүнүн таламында калгандан кийин эми КМШга мүчө мамлекеттер менен мамилесин мындан дагы арттыруу аракетин көрүүдө.
Сергей Миронов иш сапарында президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жана Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин студенттери, окутуучулар жамааты менен жолугушуп эки өлкө ортосундагы социалдык-экономикалык кызматташтыкты мындан дагы өнүктүрүү керектигин баса белгиледи. Федерация кеңешинин төрагасы Жогорку Кеңеште жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинде сүйлөгөн сөзүндө СССРдин кулашы менен дүйнөлүк саясатта олутту өзгөрүүлөр болгонун, “ошол учурдан пайдаланып АКШ демократияны жайылтуу идеясын жамынып дүйнө жүзүнө үстөмдүк кылуу саясатын жүргүзүп келатат”, деп Кошмо Штаттарды айыптады.
- АКШ ошол учурду пайдаланып, дүйнө жүзүнө өздөрүнүн геосаясий көз карашын абдан орой күч колдонуу ыкмасы менен таңуулай баштаган.
Буга мисал кылып Миронов мурдагы Югославиядагы атуулдук согушту, АКШнын аскер күчтөрүнүн Иракты басып алуусун атады. Анын айтымында, Грузияда АКШнын аскерий инструкторлору грузин жоокерлерин аскердик даярдыктарга машыктырып, согуш жана жардыруу ыкмаларын үйрөтүп, ар кандай үлгүдөгү согуштук куралдарды берген.
Сергей Миронов Грузиянын Түштүк Осетияга карата жасаган чабуулун геноцид деп атады:
- Тбилиси сырттан аскерий жана саясий колдоонун негизинде ырайымсыз мыкаачылыгын, адамдык сапатка жатпаган аскерий агрессиясын көрсөттү. Геноциттин жыйынтыгында бейкүнөө адамдар курман болуп, шаарлар менен айылдар талкаланды.
Миронов Грузия-Орусиянын ортосундагы мамиленин курчушуна себеп болгон Түштүк Осетиядагы кайгылуу окуя тууралуу тартылган видеотасманын көчүрмөсүн президент Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасына бергенин кошумчалады.
Ал ошондой эле Манас аба майданындагы АКШнын аскер аба базасы актуалдуу тема экенин, бул маселе боюнча президент Бакиевдин позициясын саясатчы катары колдоорун билдирди. Бирок ал Бакиев менен аба базасындагы маселени ачык айткан жок.
5-сентябрда Москвада Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун (ЖККУ) жыйынында Орусиядан башка уюмдун алты мүчөсү Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Өзбекстандын мамлекет башчылары Грузиянын Түштүк Осетияга агрессиясын айыпташып, дүйнө коомчулугун Кавказдагы кырдаалды кош стандартсыз баалоого чакырышкан. Ошондой эле алты мамлекеттин башчылары дүйнөлүк жана аймактык проблемаларды чечүүнүн жолдорун камтыган Декларацияга кол коюшкан.
Мындан тышкары ЖККУнун жамааттык коопсуздук келишиминин Москва декларациясы кабыл алынып, 2008-2012-жылдарга БУУнун террорчулукка каршы стратегиясын ишке ашыруунун планы, ЖККУга кирген мамлекеттерде маалымат коопсуздугунун системасын түзүү боюнча программа жана башка бир катар документтер бекитилген. Ал эми Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин таануу маселесин ар бир мамлекет өз алдынча чече турган иш катары каралаары белгиленген.
Парламент төрагасы Айтибай Тагаев Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасы менен болгон жолугушууда Грузия маселеси боюнча ЖККУнун кабыл алган декларациясын колдоорун айтты:
- Урматтуу Сергей Михайлович мен Москва шаарында жакында өткөн ЖККУнун кеңешмесинде кабыл алынган декларацияны колдоймун. Орусия парламенти менен кыргыз парламентинин ортосунда көп иштерди кылса болот.Мына биздин парламент жаш парламент. Көп мыйзамдарда, көп парламенттик иштерде сизден суранып кетер элем бир топ жардамдарды.
Кыргызстандагы айрым саясатчылар Сергей Мироновдун Кыргызстанга келишин Орусиянын КМШга мүчө мамлекеттерден колдоо издөө аракети катары баалашууда.
- “Сергей Мироновдун Кыргызстанга келишинин башкы себеби катары Түштүк Осетиядагы аскердик кагылышууларга байланыштуу. Орусия башында турган бийликтеги адамдар мурунку Советтик өлкөлөрдөн кол үзүп жатышат. Мына ушуга да түздөн түз тиешеси бар деп ойлойм”,- деген пикирин И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин илим жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Эмил Каныметов билдириди.
Саясат таануучу учурда күчтүү мамлекеттер ортосунда дүйнө жүзүндө өз саясатын жүргүзүү атаандаштыгы жүрүп жатканын белгиледи:
- Дүйнөдө абдан күчтүү деген мамлекеттердин ичинен кимиси туура, адилет саясат жүргүзүп жатат деген болсок албетте, мен ачык эле айтат элем. Азыркы кезде стратегиялык багытта АКШнын жүргүзүп жаткан саясаты Орусияга караганда туура багытта баратат. Себеби дегенде, жаманбы, жакшыбы аларда чоң стратегиялык багыт бар. Анын аты – демократия!
Ошол өлкөлөргө, анда жашаган ар бир адамга эркиндик берип, алардын өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзөлү деген багыт бар. Бул багытты азыркы Орусияны башкарып турган саясатчылардан көрүүгө болбойт. Ошондуктан алар өз кызыкчылыгын көздөп, мурдагыдай эле падышалык Орусиянын саясатына жакын саясатка алып келиши мүмкүн. Бул биз үчүн өтө коркунучтуу нерсе.