18:15 Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров кызматынан кетерин билдирди

Алик Аскаровдун бүгүнкү маалымат жыйынында кабарлаганы боюнча ал өзүн кызматтан бошотуу тууралуу арыз менен өкмөт башчыга кайрылган. Бул 24-августтагы Боинг-737 учагынын кыйрашына байланыштуу болууда. “Иликтөөлөр кандай жыйынтык көрсөткөн учурда да мен бул кызматта иштөөгө моралдык жактан акым жок,” деп билдирди Алик Аскаров.(ZKo)