ШААР БАШЧЫ ЖЫЙЫНЫ: САЛЫКТАН КАЧКАНДАР КӨП

10-сентябрда Бишкек шаар башчысы башкалаанын жылуулук борбору менен “Түндүкэлектр” акционердик коомун кошуп бирдиктүү энергетикалык компания түзүү демилгесин ишке ашыруу аракетин жасап жатканын билдирди. Шаар башчынын айтуусунда, опсуз чоң киреше тапкан ишканалардын бир тобу салыктан качып, тапктан пайдасын жашыруунун амал-айласын жасашуда.
Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүгө өткөндөн бери эле Бишкектин бир топ объекттеринде уурдоо катталганын шаар башчы Нариман Түлеев алгачкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таянып жарыя кылды:

- Эки жума ичинде биз 4 миллионго жакын киловатт-саат уурдалган электр энергиясын таптык. Дагы издесе деле табылчудай. Мынабул 4 миллион киловатты биз шаар эсебине алуунун аракетин кылабыз.

Шаар башчынын маалымдашынча, Бишкекке 94 миллион киловатт саат электр энергиясы бөлүнгөн. Бирок да башкалаада салык төлөбөй, анткен менен электр энергиясын опсуз пайдаланган чарбалык субъекттер толтура. Маселен, “Бишкек нан” акционердик коомунун канатынын алдында 37 чарбалык субъект орун таап, наабайчылыкка дегеле тиешеси жок 26 тигүү цехтеринин салык төлөмөк тургай ишкердикке уруксат кагазы да жок экендиги текшерүү кезинде аныкталган.

Нариман Түлеев жалаң баш калааны эмес, жаамы Кыргызстанды сүт азыктары менен камсыз кылган ири компаниянын жыл бою төлөгөн салыгы 45 миң сом экенин айтты. А бирок салыктан качкан бай компаниянын аты-жөнүн азырынча айта албастыгын, текшерүү соңуна чыккандан кийин аны сөзсүз жарыя кыларын билдирди.

- Биздин салык кызматтарына да көп суроолор чыгат. Ушундай абалга, болгондо да ишкерлердин 20-30 пайыз салык төлөп, калгандары таптакыр төлөбөй койгон кырдаалга жеткирип коюшунун себеби суралат. Башкача айтканда, суроолор баарына жетишет.

Баш калаа башчысы жалпы республиканы сыр, быштак, консерваланган азык-түлүк менен камсыз кылган дүң базардан патент акысынан башка салыкка бир тыйын түшпөй жатканын, ушундай эле жагдай айтылуy “Баткен” базарына да тиешелүү экенин айтты. Н.Түлеев “Бишкек жылуулук борбору” менен “Түндүк электр” акционердик коомун кошуп башкалаага бирдиктүү энергетикалык компания түзүү камылгасы жүрө баштаганын да маалымдады.

- Мен түшүнүп жатам, кирешеси жок. Бирок ТЭЦтин кубаттуулугун карагылачы. Ал толугу менен иштей элек.

Кыргызстан башынан кечирип жаткан энергетикалык кризис учурунда кысталыш кырдаалдан чыгуунун бир амалы “Бишкек жылуулук борборун” толугу менен ишке киргизиүү экенин белгилүү энергетик адис Жамалбек Түлөбердиев да ырастап келатат.

- Мына биздин ТЭЦ турат жылына 4 миллиард киловат-саат электр энергиясын чыгарган. Анын болгону 10-15% гана иштеп жатат. Ош ТЭЦи турат. Ушуларды иштетиш керек кыштан элди кыйнабаш үчүн.

Кыргызстандын энергетика, өнөржай, отунсуу ресурстары министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов өкмөт деле мына ушул эки ири энергетикалык объектти толук иштетиштин амалын жасап жатканын ырастады.

- Ошого көмүр менен мазутту алганга жетиштүү негиз бар. Ошону өткөндө штабда карады. Карап туруп бүгүнкү күндө запаста канча отун бардыгын, дагы канчаны алуу керектигин талкуулады. Ал маселе каралууда.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айтуусунда жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизмейин Кыргызстандын этектен бучкактаган энергокризистен чыгышы күмөн. Өлкө эгемендикке жеткенден бери мурунку өнөржай ишканаларын иштетүүгө кетчү энергокубаттуулук 4 эсе азайса, калктын электр энергиясын пайдалануусу 3 эсе арбыган. Бул көрсөткүч жыл санап көбөйгөндүн үстүнө көбөйүп баратат.