12:00 Медиа өкүлчүлүк менен “Журналисттер” коому кайрылуу таратат

“Алиби” гезитинин редактору Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышына байланыштуу кайрылуу бүгүн түштөн кийин коомчулукка жана мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин атына жиберилмекчи. Бул тууралуу “Журналисттер” коомунун жетекчиси Марат Токоев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда бул – кооптондурган факт: “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин башкы редакторлоруна карата кылмыш ишин козгоп, аларды камакка ала баштоо менен бийлик башка эркин маалымат каражаттарына да сес көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бул жерде сөз эркиндигин чектөө ачык эле көрүнүп турат,” дейт Марат Токоев.
“Алиби” гезитинин мурдагы редактору Бабырбек Жээнбеков кечээ кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына камалган. Ага сот чечимин аткарбагандыгы үчүн, деген айып тагылууда. “Алиби” басылмасына Биринчи май райондук соту тарабынан президенттин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн 1 млн сом айыппул төлөп берүү тууралуу чечим чыгарылган. Ушундай эле жаза дагы бир эркин гезит “Де-фактого” да чегерилген.(ZKo)