Абулла Гүл анын Армения жасаган сапары “региондогу стабилдүүлүккө салым кошот” деп ишенет. Мындай билдирүүнү түрк мамлекет башчысы дүйшөмбүдө “Азаттыктын” азери кызматына берген интервьюсунда жасады. 6-сентябрда Гүл армян президенти Серж Саркисяндын чакыруусу менен Ереванда “тарыхый” визит менен болуп кеткен. Лидерлер эки өлкөнүн футбол боюнча беттешүүсүн чогуу көрүп, жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүшкөн.
Армения менен Түркия Осмон империясы тушунда орун алган армяндардын массалык өлтүрүлүшү боюнча талашып-тартышып келатышат. Армяндар аны геноцид деп таанууну талап кылууда. Түркия болсо ал окуяларда көп сандагы түрктөр да набыт болгонун ырасташууда.
Эки коңшу ошондой эле Тоолуу Карабак маселесинде эки башка турумду ээлешет. Түрктөр Армения Азербайжандын аймагын басып алды дешсе, Армяндар боордошторунун укуктарын коргоп жатканын айтып келатышат.
Буга карабай Түркиянын президенти Абдулла Гүл эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртууга аракет көрүп жатканын айтат. “Азаттыктын” кабарчысы Маис Ализадеге берген интервьюда президент Тоолуу Карабак боюнча талашта орток пикирге келүү керектигин белгиледи:
Биз психологиябызды өзгөртүүгө тийишпиз. Тынчтык жана стабилдүүлүк бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берет. Бирок ага жетүү үчүн бир чечимге келиш керек. Түркия менен Армения ортосундагы проблемалар жана Армения менен Азербайжан ортосундагы проблемалар эки тарапка эле тиешелүү маселелер эмес. Алар бүтүндөй регионго таасир этип жатат.
Гүл ошондой эле Азербайжан менен Армения ортосундагы тынчтык процессин колдоорун кайталады:
Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюму Мински тобун түзгөнүнө 17 жыл болгону менен анын иши үзүрлүү болду деп айта албайбыз. Эми Кавказдагы кырдаал өзгөрдү. Эми биз да аракет көрүп, белгилүү кадамдарды жасап жатабыз. Кудай буюрса, алар натыйжалуу болот.
Орусия менен Грузиянын куралдуу чатагынан кийин Анкара Түштүк Кавказдагы өлкөлөр менен катар Түркия жана Орусияны камтыган Кавказдагы стабилдүүлүк жана кызматташтык келишимин түзүүнүн сунуш кылган.
Аймакта бейпилдик жана туруктуулук өкүм сүрсө, энергия маселеси аватоматтуу түрдө чечилет, - деп кошумчалады Гүл. Куралдуу жаңжал маалында Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру жана Баку-Тбилиси-Эрзурум газ түтүгүнүн иши бир нече күн токтоп турду.
Ошол эле учурда Гүл орус газын Түркиянын аймагы аркылуу экспорттоо пландары бар экенин айтты.
Шаршембиде түрк мамлекет башчысы Азербайжанга барууда.