Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү Улуттар Уюмунун Гаагадагы сотунда Грузия Орусиянын үстүнөн берген арызды угуу башталды. Грузия Москваны «Расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн чектөө жөнүндөгү эл аралык конвенцияны» бузду», анын кесепетинен Түштүк Осетия менен Абхазиянын грузин калкы там-жайын таштап кетүүгө мажбур болду күнөөлөөдү. Орусия айыптоону негизсиз деп четке какты. Соттук угуулар үч күнгө созулат.
Грузия Эл аралык адилеттик сотунда Орусияны 1991-жылдан бери Түштүк Осетия жана Абхазиядан грузиндери ырааттуу сүрүп чыгууда деп күнөөлөдү. Доогердин ырасташынча, Москва жүргүзгөн расалык дискриминация саясатынын кесепетинен эки жикчил аймакта «көптөгөн адамдар өлүп, карапайым калк жапырт агылып качууга аргасыз болгон».
Грузиянын Адилет министри Ника Гварамия «Соттогу максатыбыз Орусиянын айыбын далилдеп, келтирилген зыянды төлөтүп алуу», - дейт «Азаттык» үналгысына берген интервьюда:
-Сотко кайрылуунун себеби, Орусия тарап 1990-жылдардын башынан бүгүнгө чейин Абхазия менен Түштүк Осетияда жүргүзгөн этникалык тазалоону далилдөө. Максат Орусиянын көзөмөлүндөгү Грузиянын аймагындагы этникалык кордоп-кемсинтүүлөрдү токтотуу.
1991-жылы Совет биримдиги ыдырагандан бери ырасмий Тбилиси менен Түштүк Осетия жана Абхазия арасында ырк жок. Москва колдогон эки чөлкөм Грузиянын ошол кездеги президенти Гамсахурдия тушунда өздөрүн Тбилисиден күнкорсуз деп жарыялаган. Грузин жактын тастыкташынча, ошол күндөн бүгүнгө чейин эки чөлкөмдөн 400 миңдей грузин там-жайын таштап качууга мажбур болгон. Бул Грузиянын жалпы калкынын он процентине барабар эл.
Сотто Грузиянын таламын жактаган адвокат Жэймс Крауфорд орус аскерлери 7-августан кийин басып алган аймактарда этникалык тазалоолор болгонун, Абхазиядан 60 миңдей жергиликтүү грузин айдалып чыкканы тууралуу айтты:
-Түштүк Осетиянын грузин калкына каршы, Гори аймагындагы Орусия «буфердик» деп атаган тилкеде этникалык тазалоо болгону анык. Абхазиядагы 60 миңдей грузиндер да сүрүлүп чыкканы турат.
Орусиянын өкүлү 1965-жылкы Эл аралык конвенциянын негизинде Гаага соту грузин тараптын арызын талкуулай албайт, эгер талкууланчу болсо осетиндерге каршы күч колдонуу маселеси да талкууланууга тийиш:
-Доогер сотко берген арыз конвенциянын алкагында талкуулана албайт. Себеби, бул расалык дискриминацияга байланыштуу чыр эмес. Сотто аскер колдонуу, куралдуу аракеттер жана эл аралык мыйзамдарга тийиштүү чыр болуш керек.
Ушундан улам, сотто грузин тараптын арызын кароого укугу жок экендигин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык башкармасынын башчысы Роман Колодкин кошумчалады.
Шейшемби күнү Эл аралык адилет сотунда Грузиянын, кийинки күнү Орусиянын жүйөө сөздөрү угулат. Сот өз бүтүмүн эки же үч жумадан соң чыгарат.