ОРУСИЯДА ЖККУнун САММИТИ БАШКАЧА БАА АЛДЫ

Муса Мураталиев, Москва Москвада өткөн аптанын аягында (5-сентябрде) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити Кавказдагы жагдай боюнча декларация кабыл алган. Бул саммитте ЖККУга мүчө мамлекеттер Түштүк Осетияга карата жасаган Грузиянын аракеттерине терс баа беришкен. Ага дейре орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары тараткан ЖККУга мүчө өлкөлөр саммит үстүндө Түштүк Осетия менен Абхазиянын күнкорсуздугун таанышат деген божомолдору иш жүзүнө ашкан жок. Ага карабай ЖККУнун кезектеги саммитинин жыйынтыгына Орусия башкача баа берүүдө.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкө лидерлери 5-августа Москвада он бешинчи отурумун өткөрдү. Талдоочулардын байкашынча, бул уюмдун мурдагы отурумдарынын бирине да коомчулук мынчалык кулак түргөн эмес. Анын себеби жалпыга белгилүү болгондой ЖККУга мүчө өлкөнүн коңшу мамлекетке басып киргени, натыйжада Грузиянын жикчил эки аймагы бир жактуу эгемендүүлүк жарыялашы болду. Орусиянын абдан жакын алты өнөктөштөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныбай бул ирээт Кремлдин тилин албай коюшканын адистер айтып чыгышты.

Ал эми орусиялык Утро.ру сайты саммиттин жыйынтыгын баалоодо Дмитрий Медведев, Кавказдагы жагдай боюнча “ЖККУ карманган саясатын мурдагыдан чыңдаганын өзгөчө бөлүп көргөздү», - деп жазды.

«Комсомольская правда» басылмасы болсо саммиттин өтүшүндө “Дмитрий Медведев Түштүк Осетия жана Абхазия кагылышы боюнча ЖККУнун колдоосу үчүн күн мурунтан жүргүзгөн макулдашуу маалында алды» - деп жазат.

Газета.ру сайты «ЖККУ боюнча союздаштары Орусияны колдошту», - деп жазып чыкты.

Грузия, Азербайжан жана Украинада иш сапары менен жүргөн АКШнын вице-президенти Дик Чейни Орусиянын Грузия менен кармашы “өзүм билемдик менен жасалганы үчүн ошондой эле карамай менен көгүлтүр отунду алуучуларга бүдөмүк кыянаттык көргөзүп атканы үчүн Кремлди кескин сынга алды.

«Московский комсомолец» Орусиянын алдында ЖККУга мүчө өлкөлөр абалы дөшү менен барскандын ортосунда калганын элестетет. Ошол себептен алар “Орусиянын колдоп бергиле деген өтүнүчүнө макул дей албай атат. Алар Кремлди тартынбай колдоого алганда анда АКШ жана Батыш Европа менен болгон жеке алакаларын бузуп албайлы деп кооптонушат» - деп жарылады гезит бетине.

Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу Алексей Малашенко Орусия дүйнөлүк коомчулукка өзүнүн жүзүн ачып берип, аброюн ачыктады деген пикирде:

Орусиянын баркы аябагандай кетти. Бул анын КМШда бир ооздон аталчу лидер болбой калганын көргөзүп койду. Ошондуктан анын буга окшогон негизги чаралары колдоо таппай кала берди.

Дагы бир серепчи Дмитрий Травин «нагыз таасирдүү өлкөлөрдүн башын бириктирип, анын кубаттуу борборуна айлануу келечеги Орусияда мындан ары такыр болбойт», - деген ишенимде.