14:59 Кыргызстанда Борбор Азиядагы экстремизм маселесин чагылдырган интернет-сайт ачылды

“Инфоцентр-Антитеррор” деген аталыштагы интернет-сайт Борбор Азиядагы экстремизм жана терроризм маселесин чагылдырат. Сайтта аталган темалар боюнча жаңылыктар, аналитика, эксперттердин маектери чыгып турат. Сайттын максаты- экстремизм жана терроризм маселесин чагылдырууну жакшыртуу жана бул жааттагы кабарларды окурмандарга оперативдүү жеткирүү.(AiJu)