Ишембиде Түркиянын президенти Абдулла Гүл Ереванга келип кетти. Ал футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандалчу курамалардын (квалификациялык) беттешүүсүн чогуу көрүүгө армян мамлекет башчысынан чакыруу алган. Серепчилердин айтымында, президент Гүлдүн тарыхый сапары символикалык мааниге гана ээ болбостон, эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт деген үмүт бар. Ал эми спорттук оюнга келсек, коноктор үй ээлерин 2:0 эсебинде жеңип, түркиялык күйөрмандардын кубанычы кончуна сыйбай, атажуртуна ыраазы болуп кайтышты.
Президент Гүл футболдук таймаштын алдында Армениянын президенти Серж Саркисян менен сүйлөшүү жүргүздү. Мамлекет башчылар ошондой эле биргелешкен маалымат жыйынын да өткөрүштү.
Анда Абдулла Гүл мырза (сүрөттө)бул визит эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Саркисян болсо келээрки айга белгиленген армян-түрк курамаларынын экинчи футболдук таймашын көрүү үчүн Түркияга чакырылганын жарыялады.
Гүл Армения көз карандысыздык алган 1991-жылдан бери кошуна өлкөгө барган алгачкы түркиялык президент болуп калды.
Түркия Армениянын эгемендигин биринчилерден болуп тааныгандыгына карабастан, алардын ортосунда дипломатиялык мамилелер алигиче түзүлө элек.
“Азаттыктын” Армян кызматынын Еревандагы кабарчысы Эмил Данелян президент Гүлдүн визитинин алдында буларды билдирген:
- Футбол күйөрмандары чоң оюнга даярданышууда. Көпчүлүк саясатчылар Гүлдүн сапары Түркия менен Армениянын мамилелерин нормалдаштырууга алып келет деген үмүттө. Жергиликтүү гезиттердин көбүндө “Урматтуу президент Гүл, кош келиңиздер!”, “90 мүнөттүк матчтын уландысын каалайбыз!” деген ураандарды көрсө болот. Мен мындайды башка чет өлкөлүк лидердин визитинин алдында көргөн эмесмин.
Turkish Daily News гезити дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, сапардын маалында эки тараптуу мамилелер сөз кылынат. Анкара Осмон дөөлөтү (империясы) учурунда орун алган кайгылуу окуяларды иликтөө үчүн биргелешкен комиссия түзүүнү сунуш кылат, - деп жазып чыккан.
Тараптар бул маселе боюнча көп жылдардан бери талашып тартышып келатышат.
Армения Осмон дөөлөтү тушунда, 1915-жылы, армяндардын массалык өлтүрүлүшүн «атайын тукум курут саясаты» (геноцид) деп атаса, Түркияда андай термин колдонгондор сот жообуна тартылышы ыктымал.
Расмий Анкаранын пикиринде, Биринчи дүйнөлүк согуш маалында эки тараптан тең бири-бирине каршы ырайымсыз чабуул аракеттери жасалган, бирок тукум курут саясаты орун алган эмес.
Талашка түшкөн дагы бир маселе – Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак анклавы үчүн согушу.
Расмий Анкара Армения Түркиянын жакын санаалашы болгон Азербайжандын аймагын басып алды деп эсептейт.
Расмий Ереван болсо улуттук теги бир карабактык боордошторунун кызыкчылыктарын коргоого жардам берип жатканын ырастоодо.
Тоолуу Карабак үчүн согуштук жаңжал тутанганда Анкара Бакуга тилектештик көргөзүү иретинде 1993-жылы Армения менен чегарасын жаап салган.
(Тоолуу Карабак аймагындагы жаңжалды басып, ок атышууларды токтотуу жараянына учурунда расмий Бишкек да иштиктүү катышканы маалым. )
5-сентябрда Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан эки өлкө ортосундагы жакындашуу Грузия менен Орусиянын августтагы куралдуу тирешүүсүнүн натыйжасы деп билдирди.
Кошуна Грузиядагы окуялар Кавказдагы жаңжалды жөнгө салууда жаңыча ыкмаларды колдонуунун керектигин далилдеди, - деди Бабажан.
Ал эми «Армениянын Революциялык федерациясы» деген партиянын өкүлдөрү түрк президенти Гүлдүн Ереванга жасаган сапарына каршы ишембиде нааразылык чарасын өткөрдү. Алар Анкарадан «геноцид болду» деп таанууну талап кылышты.
Футбол матчы аркылуу эки тарап тең жеңди
Ал эми 2010-жылкы ФИФАнын дүйнөлүк футбол чемпионатына катышуу үчүн татыктуу курамаларды иргөө жараянынын алкагындагы бул таймаштын алгачкы бөлүгү түркиялык кураманын жеңиши менен аяктады.
Еревандын «Храздан» (Hrazdan) стадионуна жыйылган күйөрмандар оюн талаасынын кожоюндары конокторго 2:0 эсебинде жеңилгенине күбө болушту.
Бирок оюндагы башкы жеңиш – «футбол дипломатиясын» учурунда колдонгон расмий Анкара менен Ереван экөөнө тең таандык болду.