12:45 Бишкекте муниципалдык жарманке өтүүдө

Иваницын көчөсүндө өтүп жаткан бул жарменкеде айыл-чарба продукциясы жана башка азыктар баштапкы баада сатылууда. Мындан тышкары 8-сентябрдан тартып Бишкек шаар мэриясы көчмө соода уюштуруп турат. Күн сайын түштүк кичи райондордо, Аламүдүн-1 кичи районунда саат 9.00дөн 14.00гө чейин айыл-чарба продукциясы базарлардагыдан төмөн баада сатылып тураары маалыдалды. Бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Чүй, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун дыйкан чарбалары менен талаалардан жашылчаларды көчмө соодага жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.(MSu)