Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинин жыйынтыгы боюнча ЖЖКУга мүчө-өлкөлөрдүн президенттери дүйнөлүк жана аймактык проблемаларды чечүүнүн жолдорун камтыган Декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары ЖККУнун жамааттык коопсуздук келишиминин Москва декларациясы кабыл алынып, 2008-2012-жылдарга БУУнун террорчулукка каршы стратегиясын ишке ашырууунун планы, ЖККУга кирген мамлекеттерде маалымат коопсуздугунун системасын түзүү боюнча программа жана башка бир катар документтер бекитилди. Ал эми Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин таануу маселеси ар бир мамлекет өз алдынча чече турган иш катары каралаары белгиленгени кабарланды. Жыйында маалымдалгандай, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалык кылуу милдети Арменияга өттү. Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты.(MSu)