Кондолиза Райс Ливия Жамахириясында тарыхый сапарда жүрөт

Кечээ (жума күнү) кечинде АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ливиянын ордо шаары Триполиге келди. Ал чейрек кылымдан бери Ливияга иш сапар менен келген америкалык алгачкы ири төбөл болуп калды. Кондолиза Райс өзүнүн сапары “Кошмо Штаттар үчүн эч кандай түбөлүктүү душман болбой турганын” айгинелээрин баса белгиледи. Ливия “Террорго сүрөөнчү болгон өлкөлөрдүн” АКШнын Мамлекеттик департаменти түзгөн кара тизмесинде болчу, ал эми 2003-жылдын декабр айында расмий Триполи массалык кыргын куралдарын жана террорчулукту жектеген саясатын жарыялаган соң, бул “кара тизмеден” кайра алынып салынган.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ливиядан соң башка да түндүк африкалык өлкөлөрдү кыдырмакчы.