ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК ДОЛБООРУ САНААРКАТАТ

Өткөн айдын соңунда расмий Пхеньян “АКШ террорчулукту каржылаган мамлекеттердин тизмесинен Түндүк Кореяны чыгаруу тууралуу сөзүнө турган жок” деп билдирди. Ушундан улам Түндүк Корея шаршембиде (3-сентябрда) Йонг-Бонгдо өзөктүк реакторду калыбына келтирүү иштерин баштаганын жарыя кылды. Вашингтонду бул маселе бир аз гана тынчсыздандырганын анын расмий жообунан байкоого болот. Бирок АКШ өкмөтүнүн мурдагы аткаминеринин айтымында, өкмөт эмне деп айтса дагы, чындыгында кырдаалды коптуу десе болот.
Түндүк Корея өзөктүк реакторду толук иштен чыгарганы текшерүү аркылуу тастыкталмайынча расмий Пхеньянды террорчулукту колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чийүү тууралуу сөз да болбогондугун расмий Вашингтон баса белгилеп, “өз сөзүндө турбай калды” деген доону өзүнө жакын жуутпастыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Шон МакКормак шаршембиде журналисттерге Түндүк Корея Йонг-Бонгдогу (Yongbyon) өзөктүк реакторун калыбына келтирем деп коркутуу аркылуу эл аралык коомчулукта өзүнө карата дурус мамиле түзө албастыгын айтты.

МакКормактын белгилешинче, Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзөктүк реакторду жок кылуу тууралуу сөзүнө бекем турушу керек жана ал кадамы далилдер менен тастыкталышы абзел.

3-сентябрда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс АКШ Түндүк Корея макулдашууну бузбай турганына үмүт артып жатканын айтты:

- Биз Түндүк Корея өз милдеттенмелерин аткарат деп күтөбүз. Биз дагы өзүбүздүн милдеттемелерибизди сөзсүз аткарабыз. Бул жараяндын ийгиликтери жана кемчиликтери болбой койгон жок. Татаал сүйлөшүүлөр менен коштолгон ар кандай жараяндар сыяктуу эле, мында да илгерилөөлөр жана өксүктөр орун алып келди. Бирок биз алдыга жыла беришибиз керек деп эсептейбиз.

Бирок АКШ өкмөтүнүн аткаминерлери камаарабастыкты көрсөтүп, сырткаркы дүйнөгө сыр билдирбегени менен, алар Түндүк Кореянын аракеттерине тынчсызданууга тийиш, деп эсептейт Жон Вулфстахл. Ал Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунда өзөктүк курал боюнча адис болуп иштейт.

- Биз буга тынчсыздана башташыбыз керек, себеби сүйлөшүүлөр жараяны жарга кептеле баштады. Сүйлөшүүлөр жолу гана Түндүк Кореяны куралсыздандырууга алып келе турган жалгыз арга. Ошол эле учурда биз Түндүк Корея өзүнүн сиркеси суу көтөрбөгөн чукул мүнөзүн көрсөтө калса эле сарсанаага батпашыбыз керек деген ойлорго кошулам. Биз Түндүк Кореяны террорчулукту каржылаган өлкөлөрдүн тизмесинен алып таштоодон мурда Пхеньян өз милдеттемелерин аткарып жатканына көзөмөл салчу системаны калыптандырышыбыз абзел. Ошол эле учурда мен сүйлөшүүлөр жараяны бузулуп, бул багытта буга чейин болгон ийгиликтер жокко чыгып калабы деп да тынчсыздануудамын.

Вулфстахл мырза айрым серепчилердин Йонг-Бонгдогу өзөктүк реакторду кайра ишке киргизүү менен Пхеньян өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча өнөктөштөрдөн көбүрөк пайда табууга аракеттенүүдө деген божомолдору чындыкка коошпойт деп эсептейт.

Ошол эле учурда адистин белгилешинче, Түндүк Кореянын өзөктүк программаны кайра жандандыруу тууралуу коркутуулары чындыкка айланышы деле ыктымалдан алыс эмес, бирок мындай өнүгүүнү эл аралык коомчулук эч каалабайт.

Вулфстахлдын айтымында, Кошмо Штаттары Түндүк Корея өз милдеттемелерин аткарып жатканын билүү үчүн аны өтө кылдат көзөмөлдөшү керек.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун өкмөтү өңдүү эле, азыркы президент Жорж Буштун өкмөтү да Корей жарым аралында эч кандай өзөктүк курал болбошуна жетишүү үчүн бар аракетин үрөп келди. Андыктан июнда алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында расмий Пхеньяндын Йон-Бонгдогу өзөктүк реакторду жок кылууга макул болушу чоң шаттанууну жараткан.

Бирок эми бул шаттануу жаңы санааркоолорго орун бошотуп жатканы да чын. Вулфстахлдын оюнча, Буштун өкмөтүнүн тушунда бир гана Ливия өзөктүк курал өндүрүү долбоорунан таасын баш тарткан жападан-жалгыз өрнөк өлкө болууда.