АКШнын ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ УКРАИНАГА КЕЛДИ

Өткөн айдагы Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштук жаңжалдан кийин Кошмо Штаттардын өз өнөктөштөрүнө колдоо көрсөтүүсүнө багытталган сапарынын алкагында АКШ вице-президенти Дик Чейни Киевге келди. Украинага чейин Чейни Азербайжан жана Грузияда болуп, Вашингтон Тбилисинин НАТОго кошулуу мүдөөсүн колдой турганын дагы бир ирет тастыктады. Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кескин жооп кайтарып, “АКШ Грузиянын агрессивдүү дымагын шыкактаган болчу” деп билдирди.
АКШнын вице-президенти Чейнинин Киевге сапары Украинада ички саясий кризис курчуп турган маалга туш келди. Эки күн мурда, премьер-министр Юлия Тимошенко айым оппозицияны колдоп, президенттик ыйгарым укуктарды кыскартууну жактап чыккан соң, президент Виктор Ющенко коалициялык өкмөттүн ойрон болгонун билдирген.

Бүгүн (5-сентябрда) Чейни ич ара саясий тирешип жаткан бул эки лидер менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр өткөрдү. АКШнын вице-президенти адегенде премьер-министр Юлия Тимошенко менен жолугушту. Чейнинин басма сөз өкүлүнүн билдиришинче, АКШ вице-президенти Тимошенко айымга Украина өлкөсү Орусиянын соңку саясатынын айынан өтө машакаттуу кезеңди баштан кечирип жатат деп айткан.

Андан соң Дик Чейни президент Виктор Ющенко менен жолугушту. Грузиянын президенти Саакашвили өңдүү эле батышчыл саясий нукту туткан Ющенко НАТОго кошулууга умтулуп келет. Анын мындай саясий мүдөөсүнө Кремл караманча каршы турууда.

Дик Чейни Украинанын НАТОго кирүү мүдөөсүн Вашингтон колдорун билдирди. Анын айтымында, Украинаны акыры өз катарына кошуу тууралуу НАТОнун убадасы азыр да күчүндө кала берүүдө. НАТОдон тышкаркы эч бир өлкө, Чейнинин айтымында, Украинага бул жаатта “вето” койо албайт.

Орусиянын Грузиядагы августтагы согуштук аракеттерине шилтеме жасап, Чейни калайык “эч кимдин экономикалык же аскердик коркутуп-үркүтүүсүнө кабылып” коркуу менен жашабашы керек деп билдирди.

Анын аралыгында Ющенко Украина көпчүлүк маселелерде, анын ичинде Орусиянын Грузияга кол салгандыгы маселеси боюнча да АКШ менен “өз ара түшүнүшкөн” саясий турумду тутаарын белгиледи.

Чейни акыркы жолу Украинада 20 жыл мурда болгонун, андан бери өлкө жакшы жагына өзгөргөнүн айтып, Киев менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди “өтө маанилүү” деп баалады.

4-сентябрда Кавказдагы сапары учурунда Чейни Тбилисиде дагы болуп, Орусияны Грузия менен согуштук жаңжалы үчүн кескин сынга алып, АКШ Грузиянын НАТОго кошулуу мүдөөсүн колдой турганын билдирген.

Буга карата Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Андрей Нестеренко төмөнкүдөй жообун узатты:

- Дагы бир жолу биз Вашингтондун “кайраттуу, жаш демократия” деп өзү сыпаттаган Грузияга карата колдоо иретинде айтылган “ооздукталбаган” бир куру чечендигине күбө болуп отурабыз. Мындай билдирүүлөр жана Тбилисинин НАТОго мүчөлүккө тез арада кошулуусуна карата убадалар Саакашвилинин режимине жазаланбай кала тургандыгы тууралуу опурталдуу сезим ыроолоп, анын баскынчыл дымагын ого бетер күчөтөт.

Дик Чейнинин сапары Кара деңиздеги курчуган аскердик тымызын тирешүүгө дагы туш келди. “Маунт Уитни” аттуу америкалык аскер кемеси бүгүн (жума күнү) Грузиянын Поти шаарына келди. Грузиянын жикчил аймактарынан сырткары турган бул порт шаар өткөн айдан бери орусиялык жоокерлер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Вашингтон аскер кемеси Грузияга гуманитардык жардам алып келгенин айтса, Кремл АКШнын аскер кемелери кайрымдуулук жардамын ташуу үчүн ылайыксыз деп санаарын билдирип келет.

АКШ вице-президенти Чейни өз сапарын жума күнү кечкурун Украинадан Италияны көздөй улантаары алдын-ала кабардалган.