“САРГЫЛЖЫН” КРИЗИС ЖАНА “КӨӨДӨКТӨР” ДИКТАТУРАСЫ

Украинада демократтардын – “саргылжын” ыңкылапчылардын саясий союзу биротоло бузулду. Президенттин фракциясы премьердин блогу менен түзүлгөн башкаруучу коалициядан чыкты. Өкмөт башчы Тимошенко коалицияны сактап калганы жүйүр консультацияларды өткөрүүдө, мамлекет башчысы Ющенко болсо келерки президенттик шайлоого катышарын жана кайрадан бийликте каларын жарыялады.
Виктор Ющенко президенттин укуктарын чектеп,өкмөт башчысынын бийлигин кеңейткен мыйзамды кайрадан айыптады. Анын айтымында, “бу мыйзам премьер-министрдин диктатурасын орнотту, өкмөттү конституциядан жогору коюп салды. Президенттин жарлыктары, улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин чечимдери таптакыр таңазар алынбай турган болду. Конституцияга каршы келген ар кандай чечимди сотко даттанып, жокко чыгарганга да мүмкүндүк калбады. Өкмөт бардык көзөмөлдөн тышкары калды, өлкөдө бийлик теңдеми бузулду”.

Ющенконун бу сөздөрүнө премьер Юлия Тимошенко: “Урматтуу президент,сиз жетектеген демократиялык коалицияда дөдөйлүктүн, жоопкерсиздиктин жана тартипсиздиктин диктатурасы бар,андан башка өлкөдө эч кандай диктатура жок”,- деп жооп берди. Өкмөт башчысы алдыдагы он күн ичинде демократтар лагери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, коалицияны сактап калганга аракет кылууда. Бирок байкоочулар мындан майнап чыгарына ишенишпейт.

Эгер демократтар жараша албаса, анда Юлия Тимошенко блогу – ЮТБ – Региондор партиясы менен утурумдук альянс түзгөнгө аргасыз болушу ыктымал. Мындай учурда алар парламентте президенттин ветосун жеңип чыкканга мүмкүндүк алышат. Кокус бул вариант оңунан чыкпаса, анда президент эмдиги айдын башталышында Раданы таркатып, парламентке жаңы шайлоо өткөрө алат. Региончулар менен ЮТБчылар буга деле кайыл өңдүү, анткени алар парламентке кайра келерине бекем ишенишет. Болгону келерки Радада президенттин партиясы болбой калышы мүмкүн. Жакында эле Киевде өткөн шайлоодо Ющенконун блогу болгону 2 процент добуш алды. Байкоочулар эмдиги жылы баштала турган президенттик шайлоодо деле Тимошенко менен Януковичке Ющенко караандай албайт дешет. Буга карабастан Ющенко бейшемби күнү келерки шайлоого да катышарын жана анда сөзсүз утуп аларын ишенимдүү билдирди.

ЮТБнын парламенттеги фракция жетекчиси кризисти чечүү үчүн быйыл декабрда жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Президент да, Раданын депутаттары да бир күндө шайлансын, ошондо гана өлкөдө түзүлгөн саясий туюктан чыгууга болот, деп айтты ал өз сунушунун жүйөөсүн түшүндүрүп.

Бул учурда Ющенко менен Тимошенкону алдыдагы аптада Франциянын Эвиан шаарында күтүп жатышат. Бул жерде 9-сентябрда Евросоюз-Украина саммити ачылышы керек. Бирок катуу араздашып калышкан президент менен премьер саммитке чогуу барышабы, барышса ал жактан кайрадан “кудалашып” кайтабы, же кубалашып келеби, азырынча эчтеме белгисиз.