Грузия АКШнын колдоосу жана жардамы улантыларына ишене алат

Бул тууралуу бүгүн Тбилисидеги иш сапары учурунда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын вице-президенти Дик Чейни билдирди. Мунун алдында Ак үй Орусия менен жакындагы согуштан жабыр тарткан чарбасын калыбына келтирүү үчүн Грузияга 1 миллиард доллардык экономикалык жардам берилерин жарыялаган.
Вице- президент Дик Чейни бүгүн Тбилисиде грузин президенти Михаил Саакашвили менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында белгилегендей, Орусиянын Грузиядагы кадамы, анын чек арасын мыйзамсыз өзгөртүү аракети болду жана анын эл аралык өнөктөш катары ишенимдүүлүгүнөн шек санатты.
Дик Чейни ошондой эле АКШ Грузиянын НАТОго кошулуу аракеттерин "толук колдоорун" кошумчалады.
АКШ вице-президенти Грузияга Ажербайжандан келди. Президент Иьхам Алиев менен сүйлөшүүдө Дик Чейни Кошмо Штаттар Кавказдагы өнөктөштөрүнүн бакыбатчылыгына жана коопсуздугуна терең кызыкдар экенин билдирген.
Бул аралыкта америкалык аскерий кеме Грузияга гумманитардык жардамдын кезектеги бөлүгүн алып келе жатат. Ал эми Никарагуа Грузиянын жикчи чөлкөмдөрү Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды.