ЭЛЕКТР ЖЕТИШСИЗ, КӨМҮР КЫМБАТ - ӨКМӨТ КЕЛСИН

Күз келгени электр жарыгын кыйгас өчүрүүгө кошул-ташыл кышкы отун-суунун баасы кымбаттагандан-кымбаттап баратат. Бул маселени парламент мүчөлөрү өкмөттүн катышуусунда сентябрдын жыйырма алтысында талкууга алганы турат. Эки айлык каникул учурунда шайлоочуларга жолугуп кайткан парламентчилердин топ суроосуна азырынча өкмөт тараптан жооп боло элек.
Эки айлык тыныгуудан кайтып келген парламент мүчөлөрүнүн дээрлик баарынын көңүлүн өйүгөн орчун маселе электр энергиясынын кыйгас өчүрүлүшү, көмүр баасынын көкөлөп кетиши, отун-сууга муктаж калк кайрадан бак-дарактарды кышында кыйып салабы кайгайы болду.

- “Алар баарысын өчүрүп жатышат. Экинчи маселе, өкмөт энергетикалык кризис маалында эмне үчүн көмүрдүн баасы 2 – 3 эсе көтөрүлүп жатканын, кыйын кезеңде алып сатарлардын гана пайдасы арбып жатканын конкрет талдап чыгышы керек деп эсептейм. Өкмөт токойду кыйгандардын жоопкерчилигин да карап чыгышы зарыл. Кышында калган дарактардын баары кыйылып кетеби деп ойлойм”,- деп айтты “Акжол” фракциясынын мүчөсү депутат Алишер Сабиров.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматына таянган эл өкүлү Кыргызстан 20 миллион долларлык курал-жарак сатып алганын айтып, “Кыргызстан ким менен урушкусу” келет суроосун койду.

- Ошол эле маалда Орусия 40 миллион долларга курал-жарак сатып алыптыр. Бул кайдан келген акча? Ал акчага кандай курал-жарактар сатылып алынган? Мен өкмөттүн так жообун уккум келет.

Парламент жыйынында козголгон коопсуздук маселесине коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев да кайрылып, “Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы күчтөрдүн аскер аба базасын өлкөдөн чыгаруу маселесин талкуулоону кесиптештерине сунуш кылды. Кышка даярдык баарынан маанилүү болуп турган чакта антип геосаясий маселени талкуyлап отуруп алыш туура болбостугун парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков ырастап, аскер базанын турyшуна парламент макулдугун бергендигин отургандардын эсине салды.

- Американын базасы дегениңиздей, азыр кичине саясатты токтото турсак. Керек болсо чогуулап окуп көрөлү бул маселени. Анан мындай ахывалда, биздин Кыргызстандын көп жактарда, банктарда, тияк-бияктарда карызы бар. Аны да эске алсак. Азыр оор маселе кышка даярдык болуп турат.

Алдагыдай жүйөөнү Исхак Масалиев да туура көрүп, экинчи сунушун - 1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңеш кабыл алган Кыргызстан коммунисттеринин иши жана мүлкү тууралуу токтомун жокко чыгарып берүүнү өтүндү.

- Мен деле түшүнөм. Бул жерде саясий көз караш, ар кандай кызыкчылыктар бар. Карызыбыз бар. Андан уяла турган эч нерсе жок, бирок бар. Менин айтканым, 2001-жылдан баштап бул жерде бир топ мыйзам бузуу болуп жатат. Ошонун негизинде талкууга салып ушул жерде талаптарды койсок туура болот эле.

Андай талаптар эки айлык каникулдан кайтып келген депутаттардын чоң жыйынында өкмөткө карата өтө эле көп айтылды.

- “Президент бир жарым жыл мурун тапшырма берет. Бир жылдан кийин Жогорку Кеңеш тапшырма берет. Өкмөт өзү качан иштейт? Такыр түшүнүксүз болуп жатат”,- дейт социал-демократиялык фракция мүчөсү, депутат Рахатбек Рысалиев.

- “Көмүр маселеси, электр жарыгы маселеси жана башка ушулардан чыга турган орчун маселелер боюнча өкмөттүн кандай даярдыгы бар экенин айтып, ушул жерге келип отчет беришсин”,- деп айтты анын партиялашы Иса Өмүркулов.

Социал-демократиялык фракциянын дагы бир мүчөсү депутат Асылбек Жээнбеков быйыл деле дыйкандар кырман толо кызыл дан алалбай калышканын белгилеп, калк өкмөткө дагы бир талап коюп жатышканын билдирди.

- Өкмөт бүгүнкү күндө кепилдик берсин деп жатат эл. Биз эмдиги жылкы түшүмгө чейин данды жеткизе алабыз же жеткизе албайбыз. Камын өзүңөр көргүлө, деп жатат.

Парламент мүчөлөрү сентябрь ичи карала турган мыйзам долбоорлорунун тизмесин бекитишти. Өкмөт башчы И.Чудинов 2-сентябрда депутаттардан маанилүү экономикалык мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алып берүүнү өтүнгөн. Алардын арасында 2009-жылдын бюджети, экинчи окуудагы жаңы Салык кодекси бар.