8:44 Кумтөр боюнча жаңы келишим сентябрь айында парламентке жолдонот

Бул тууралуу канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыгын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Сергей Ибрагимов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов башында турган жумушчу топ Атамбаевдин тобу жетишкен келишимди жакшыртууга жетишти. Мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев түзгөн жумушчу топтун мүчөсү катары канадалыктар менен сүйлөшүүгө катышкан Орозбек Дүйшеевдин айтымында, алардын тобу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан пайдасына “Центерра голд инктин” 22% акциясын кошумча алууга жетишкен эле. Ибрагимовдун айтымында, жаңы комиссия Атамбаевдин келишимин 2-3% жакшыртууда.(AiT)