“Күзүндө саясий толкундоолор болот деген көпчүлүктүн пикирине мен караманча каршымын. Тополоңдордон бийлик дагы, оппозиция дагы жабыр тартышпайт. Негизинен мындан Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына доо кетип, карапайым калктын башына гана кыйынчылык түшүшү мүмкүн”,-деди Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде. Анын айтымында, ар кандай аракеттер Конституциянын негизинде, мыйзамдын чегинде болушу керек. Кыргызстанда негизинен тынчтык, биримдик болушу абзел. (AJ)