10:20 2009-жылдын бүджетинин долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды

Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн парламенттин сессиясынын ачылышында билдирди. Ал ошондой эле өлкөнүн каржы боюнча багытын 2011-жылга чейин талдоо боюнча документ дагы парламентке жолдонгонун белгиледи. Премьер-министр сентябрь айында парламентте каралуучу жаңы Салык кодексин кабыл алуу абдан маанилүү экендигин кошумчалады. (AJ)