Жапониянын премьер-министри Фукудо саясий кризисти чечүү үчүн кызматынан кетерин билдирди

Фукудо оппозиция көпчүлүктү түзгөн парламенттин жогорку палатасы менен тил табышууга аракет кылып, бирок майнап чыгара албады. Премьер-министрдин кызматынан кетиши дароо эле шайлоо өткөзүү керек дегенди билдирбейт. Бирок анын Либералдык Демократиялык партиясы премьер-министрликке жаңы лидерди көтөрүп, парламенттин төмөнкү палатасынын колдоосуна ээ болушу керек.