Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун Батыш расмий Маскөөнүн барымтасында калбашы керек деп билдирди жана Орусия менен Европа Биримдигинин өз ара алакаларын чып-чыргасын коротпостон кайра карап чыгууга чакырды. Эртең (дүйшөмбүдө) Европа Биримдигинин мамлекет башчыларынын чукул чакырылган саммити Грузиядагы соңку кырдаалды жана Орусияга карата саясат жаатында орток мамиле иштеп чыгуу маселелерин талкуу кылаары күтүлөт.
Жекшембиде (31-августта) Британиядагы “Обсервер” гезитинде жарыяланган макаласында Улуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун Орусияга кайрылды.
“Эгерде сиздер Чоң Сегиздик, Економикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму жана Дүйнөлүк Соода Уюму сыяктуу уюмдардын төрүндө кош келипсиз деп кабыл алынгыңыздар келсе, анда укуктарыңыздар менен бирге эле жоопкерчилигиңиздер да бар экенин моюнга алышыңыздар керек”, деп жазат Браун.
Орусиянын аскер күчтөрү 8-августта Грузияга киргизилген. Ага чейин расмий Тбилиси жикчил Түштүк Осетиядагы өз бийлигин калыбына келтирүү үчүн аскердик өнөктүк баштаган болчу.
Беш күндүк согуштан соң, Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууга кол койду, бирок Грузиянын ичкерки аймактарынан аскерлеринин баарын тең чыгарып кетүү убадасына турган жок.
26-августта болсо Орусия Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын мамлекеттик көз каранды эместигин бир тараптуу таануу тууралуу чечим кабыл алды.
Британиянын өкмөт башчысы Браун 1-сентябрда Брүссел шаарында ишин баштай турган Европа Биримдигинин чукул саммитинде Орусия Грузиянын аймактык бүтүндүгүн таанууга тийиш жана өз аскерлерин бул өлкөнүн аймагынан толук чыгарып кетүүсү керек деп айтып чыгаарын билдирди.
Браундун оюнча, НАТО өлкөлөрү да Орусия менен алакаларын кайра карап чыгып, Орусиянын кезектеги баскынчылыгына бута болушу ыктымал болгон өлкөлөрдү колдоо жаатында тийешелүү чараларды көрүүсү абзел.
Британ өкмөт башчысы Европа Биримдиги Орусияга байланып калбастан, отун-кубат жаатында кошумча атаандаш булактарды иликтеши керек деп эсептейт.
Гордон Браун ишембиде (30-августта) орус президенти Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу баарлашып, Грузия жаатында Европа Орусияга тийешелүү жооп бере турганын эскерткенин да белгиледи.
Расмий Кремл болсо жаңжал аймагындагы эл аралык байкоочулар тууралуу мурдагы турумун саал жумшартып, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кошумча байкоочулар тобун Грузияга жиберүүнү колдоп чыкты.
Ушул тапта ЕККУнун 20дай байкоочусу Грузияда жүрөт. Эми ЕККУ байкоочуларынын санын 100 кишиге чейин жеткирмекчи.
Ал эми Грузия бийлиги болсо 30-августта Орусиянын атуулдарынын грузиялык визаны алуу эрежеси катаалдай турганын эскертти. Грузиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Этер Камарели айым бул жаңы виза режими 8-сентябрдан тартып күчүнө кирээрин кабарчыларга айтты:
- Грузия менен Орусиянын ортосундагы ушул тапта түзүлгөн кырдаалды эске алып, Грузиянын президенти буйрук чыгарды, ага ылайык виза режими мурдагыдан башкача жүргүзүлмөкчү. Эми Орусиянын атуулдары мурдагыдай Грузиянын чек ара бекеттеринде виза ала албайт. Анын ордуна орусиялыктар виза алуу үчүн тийешелүү документтерин топтоп алып, чет өлкөлөрдөгү биздин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрүбүзгө кайрылууга тийиш.
Расмий Тбилиси Орусия менен дипломатиялык алакаларын үзө тургандыгын, тек гана консулдук мамилелер сакталып калаарын 29-августта жарыялаган.
Ишембиде (30-августта) “Риа Новости” маалымат агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булагына шилтеме жасап, өз кезегинде Маскөө да Тбилисидеги элчилигин жаба тургандыгын кабарлады.