БИЛЛ КЛИНТОН: “ОБАМА АКШны БАШКАРУУГА ДАЯР”

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон кечээ, Демократиялык партиянын курултайынын үчүнчү түнүндө, калайык алдына чыгып, Барак Обаманын талапкердигин колдоого алды. Клинтондун Обама менен атаандашып келген жубайы сенатор Хиллари Клинтон шейшемби күнү кечинде өз тарапкерлерин Обаманы колдоого чакырган болчу. Обама менен тандем болууга жана вице-президенттик үчүн талаптанууга макулдугун берген сенатор Жо Байден да шаршемби түнү чыгып сүйлөп, азыркы АКШ президентинин өкмөтүн «кенебес саясат жүргүзүп жатат» деп кескин сынга алды.
Билл Клинтон Барак Обаманы колдоду

Шаршемби түнү Демократиялык партиянын курултайына келген калайык алдында чыгып сүйлөгөн Билл Клинтонду (Bill Clinton) «АКШ тарыхындагы эң чыгаан президент» катары тааныштырышты.

Дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алынган Билл Клинтон сөздүн ток этээр жерин айтып, өз жубайынын колдоочуларын Барак Обаманын талапкердигин жапатырмак колдоого үндөдү:

- Чын-чынында, бул – биздин саныбызды 18 миллионго жеткирет. Анткени, Хиллари сыяктуу эле, мен дагы Хилларини колдоп келген бардыгыңыздарды ноябрда Барак Обама үчүн добуш берүүгө чакырам.

Билл Клинтон Барак Обаманы изденген жана зээндүү инсан катары мактоого алып, вице-президенттикке талапкер катары өзү “тажрыйбалуу жана акылдуу” деп баалаган сенатор Жозеф Байден туура сунуш кылынып жатканын да белгилей кетти.

Август айынын башында Билл Клинтон “АКШ президенти кызматына эч ким деле даяр эмес” дегендей ойду бир кабарчыга айткан болчу, эми ал өз сөзүн Обаманын пайдасына оңдоду:

- Барак Обама Американы жетектөөгө жана дүйнө жүзүндөгү америкалык лидерликти калыбына келтирүүгө даяр. Ал Кошмо Штаттардын Конституциясын сактоо жана коргоо антын сыймыктуу аткарууга даяр. Барак Обама Кошмо Штаттардын президенти болууга даяр.

Сенатор Жо Байден АКШ өкмөтүн сынга алды

Вице-президенттикке талаптанууга жана Обама менен бир тандемде болууга макулдук берген Жозеф Байден (Joe Biden) мырза да шаршемби түнү курултайга чогулган калайык алдында чыгып сүйлөдү.

Ал Сенатта 35 жылдан бери иштеп келе жаткан эң тажрыйбалуу мыйзамчы саналат.

Байден өз сөзүндө өлкөнүн тышкы саясатынын көйгөйлөрүнө басып жасап, бул жаатта азыркы Ак Үй ээсин кескин сынга алды.

- Буштун тышкы саясаты бизди туңгуюкка кептеди, андан чыгуубуз үчүн көмөк көрсөтчү анча-мынча гана досту калтырды. Акыркы жети жыл ичинде Ак Үй үстүбүздөгү кылымды калыптандырып жаткан эң кубаттуу күчтөр менен алектенүүдө мажирөөлүк кылды. Булар - Орусия, Кытай жана Индиянын залкар мамлекеттерге айланышы, кыргын куралдарынын жайылышы, отун-кубат, азык-түлүк жана суу запастарынын коопсуз деңгээлде сакталышындагы таңкыстык, климаттык өзгөрүүлөрдү ооздуктоо маселеси, ошондой эле террорго каршы күрөштүн чыныгы майданы болгон Ооганстан менен Пакистандагы фундаментализмдин кайрадан баш көтөрүшү болуп саналат.

АКШ сенатору Байден Грузиядагы соңку окуяларды да эске алып, расмий Вашингтонду камаарабастык кылып Кавказдагы ушундай акыбалга жол койду деп сындады:

- Соңку учурда биз ушундай кенебестиктин кесепеттерин кайрадан көрүп жатабыз – мына, жаңы демократиялык өлкө болгон Грузиядагы нагыз эркиндикке каршы тирешкен Орусияны алалы. Барак экөөбүз мындай кенебестикти жойобуз. Биз Орусияны жасаган иштери үчүн жооп бердиртебиз, биз Грузия элине бүлгүнчүлүктөн кайра чыгууга көмөк көрсөтөбүз.

Бүгүн (бейшемби түнү), тактап айтканда, Бишкек убактысы боюнча жума күнү таңга маал, Барак Обаманын өзү да Денвер шаарында өтүп жаткан курултайда чыгып сүйлөп, Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болуп чыгууга расмий түрдө макулдугун бермекчи.