12:43 Президент К.Бакиев бүгүн ШКУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын көзмө-көз жыйынына катышты

Бүгүн болгон жыйында президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, Бишкек саммитинде кабыл алынган узак мөөнөттүк кошуналык, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишимди аткаруу багытында бир топ натыйжалуу иштер аткарылганын жана келишимди аткаруу уюмдун алкагында кызматташууларды өнүктүрүүгө, ШКУну бекемдөөгө салым кошоорун белгилеген. Президенттердин көзмө-көз жолугушууларынан кийин кеңиртилген форматта жыйын болот. Президент К. Бакиев баштаган кыргыз делегациясы ага да катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)