Украинада ири өлчөмдө ок-дары сакталган кампалар өрттөнүүдө

Харьков облусунун Лозовская шаарынынын жанында жайгашкан кампалардагы өрт кечээ башталган. Өрт чыккан аймактан беш чакырым аралыкта жашаган тургундар үй-жайынан убактысынча көчүрүлдү. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин өкүлү кырдаалды "өтө олуттуу" деп мүнөздөдү. Адистердин болжолунда өрт дагы эки-үч күнгө уланышы мүмкүн. Украинанын курал-жарак жана ок-дары кампаларында өрт жана жарылуу чыккан учурлар буга чейин да бир нече ирээт орун алган.