“АЛИБИНИН” ОРДУНА ЭМИ “АЧЫК САЯСАТ” ЧЫГАТ

Кыргызстанда соңку убакта эле эки эркин гезит сот чечими менен бир миллион сомдук айыпка кириптер болуп, жарыкка чыкпай калды. Мындай тагдырга туш болгон “Де-факто” жана “Алиби” басылмаларынын мындан аркы тагдыры белгисиз. Буга чейин “Де-факто” гезитине жана анын башкы редакторуна кылмыш иши козголсо, эми “Алибиге” карата да кылмыш иши козголуп отурат. Гезит жетекчилиги муну саясий себептерге байланыштырууда. Айрым серепчилер болсо мындай мамилени бийликтин сөз эркиндигине кысымы катары баалоодо.
“Алиби” гезитинин азыркыдай абалга туш болушуна басылма ушул жылдын башында жарыялаган “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” аттуу макала себеп болгон. Анда өлкө башчысынын бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына тиешеси болушу мүмкүндүгү айтылган эле. Бул макаланы андан кийин “Де-факто” гезити да басып, Асылбек Салиев аталган эки гезит кадыр-баркыма шек келтирди деп, алардан 1 миллион сомго чейин өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган.

Июнь айында бул ишти Биринчи май райондук соту карап, эки гезитти бир миллион сомдон айыпка жыккан. Кийинчерээк шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. “Де-факто” гезитине андан кийин салык кызматындагы коррупциялык иштер боюнча жарыяланган кайрылуу кошул-ташыл болуп, кылмыш иши козголушуна, гезиттин чыкпай калышына алып келди. “Алиби” гезитине болсо сот чечимин аткаруу талабы коюлуп, андан соң сот чечимин аткарбады деген негизде кылмыш иши козголду.

Гезиттин башкы реадктору Бабырбек Жээнбеков сот чечимин жарым жартылай аткарып, гезиттин өткөн жумадагы акыркы санына төгүндөө бергенин, эки миң нускада чыккан бул сан камакка алынып, окурмандарга жетпей калганын айтат. Ал ошондой эле редакция 1 миллион сомду үч айда бөлүп-бөлүп төлөп берүүгө макул болгонун, бирок доогер тарап ага көнбөгөнүн айтып, бул иштин козголушун саясий себептер менен байланыштырат:

- Кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок. Өз эркибиз менен сот чечимин аткаргандай кийин иш козголбош керек эле. Акчаны төлөп берели десек албай атса, сот талап кылган төгүндөөнү берсек, ага карабай эле иш козгоп атса демек бул жерде саясий себептер гана калат. Башка юридикалык себептер жок.

Бул ишти карап жаткан Бишкек ички иштер башкармалыгын тергөөчүсү Турат Байчаев “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков болсо гезиттер да кандайдыр бир денгээлде ката кетиргени менен алардын минтип чыкпай калышын өтө катуу чара катары баалап, ал өлкөдөгү сөз эркиндигине көлөкө түшүрөөрүн айтат:

- Гезиттерди чыгарбай коюу өтө эле катуу чара, бул эл аралык коомчулуктун алдында биздин сөз эркиндигинин абалына, кадыр-баркына терс таасирин тийгизбей койбойт. Бул гезиттер саясий темаларды чагылдырып келгендиктен аларды саясий себептен жабылды деп да айтсак болот.

Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү бул гезиттер саясий себептен жабылды дегенге макул эмес. Маданият жана маалымат министри Султан Раев сөз эркиндиги эч убакта сөздүн жоопкерчилигинен жогору болбошу керек деген пикирде:

- Эл аралык уюмдардын, башка дүйнөлүк эксперттердин баамында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. А сөз эркиндиги деген эч качан сөздүн жоопкерчилигинен жогору болбошу керек. Ошондуктан журналисттер эң биринчи кезекте сөз эркиндигин жоопкерчилик катары сезишибиз керек. Сөз эркиндигинин да өзүнүн саясий маданияты бар. Ага биз сөзгө, окурмандардын алдында болгон
жоопкерчилик менен мамиле жасашыбыз керек.


Жарыкка чыкпай калган “Алиби” гезитинин жамааты болсо эми “Ачык саясат” деген жаңы гезит чыгарууга белсенүүдө. Башкы редактор Бабырбек Жээнбековдун айтымында, гезит каттоодон өткөн жана анын алгачкы саны даярдалууда:

- “Ачык саясатты” “Алибинин” эмгек жамааты толук бойдон, мурда кандай чыккан болсок ошондой көлөмдө, ошондой мазмуунда, ошондой позицияда чыгара бермекчибиз.

“Алибинин” ордуна чыкчу бул гезиттин алгачкы саны ушул жума күнү жарыкка чыгуусу күтүлүүдө.