11:27 ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууга өтүшөт

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин буйругуна ылайык 29-августан тарта 1-сентябрга чейин ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтулгөн тартипте кызмат кылууга өтөт. Бул чечим 31-август эгемендикти майрамдоо күндөрү тартип жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)