10:10 Токмоктук укук коргоочу Чүйдөгү алты айыл өкмөт башчыны сотко берди

Максим Кулешов аймактагы айрым айыл өкмөт башчылары “Маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү” мыйзамды бузду деп Чүй райондук сотуна аларды административдик жоопко тартууну сурап кайрылды. М. Кулешовдун билдиришинче ал 2008-жылы июлда тогуз айыл өкмөтүнө анда иштеген кызматкерлердин саны, алган айлыгы, түзүлүшү тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган, бирок дээрлик көпчүлүгү өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бир гана Сайлык айыл өкмөт жетекчисинен жооп болгон. (EBM)