Колорадо штатынын Денвер шаарында АКШнын Демократиялык партиясынын курултайы ачылды

Бейшемби күнгө чейин улануучу бул жыйында сенатор Барак Обама аталган партиядан АКШ президенттигине талапкер катары расмий бекитилет. Курултайга 4 миңдей делегат, журналисттер катышууда. Барак Обама программалык сөзүн курултайдын соңку күнү – бейшембиде он миңдеген жактоочуларынын катышуусунда сүйлөйт. Ал эми демократтардын атаандашы- Республикалык партиянын курултайы 1-сентябрга белгиленген.