20:40 Кыргызстандагы АКШ элчилиги учак кырсыгына байланыштуу кайгыруу билдирди

Кыргызстандагы Кошмо Штаттардын элчилиги 24-август түнү болгон авиакырсыкта каза тапкан адамдардын үй-бүлө, туугандарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди. Кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен америкалык “Манас” аскер базасынан кырсык болоор замат эки өрт өчүргөн автоунаа, медициналык кызматкерлер менен тез жардам жөнөтүлгөнүн, аскер базанын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүүгө жигердүү кол кабыш кылганын кабарлады. Элчилик учакта АКШ атуулдары болбогонун тастыктады. (EBM)